Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргызстандыктар 26 медаль менен 12-орунга көтөрүлдү (таблица)

Turmush -  Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы Азия оюндарынын бешинчи күнүндө кыргызстандыктар 9 медалга ээ болду. Кечээ, 20-сентябрда Кыргызстандын спортчулары кур менен күрөшүү, жеңил атлетика, бильярд, таэквондо жана бокс боюнча күч сынашкан.

Кыргызстандын спортчулары жыйынтыгында 1 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медаль багындырып, жалпы таблицадагы 13-орундан 12-орунга көтөрүлдү. Учурда Кыргызстандын курама командасынын эсебинде ар түрдүү даражадагы 26 медаль бар (5 күндүн жыйынтыгы).

Кыргызстандык спортчулардын 20-сентябрдагы жыйынтыктары (жалпы 9 медаль):

Кур менен күрөшүү

55 кг чейин - Бекзат Тынчтыкбеков, алтын медаль

60 кг чейин - Эрланбек Мырзабеков, күмүш медаль

55 кг чейин - Мээрим Мизамидин кызы, күмүш медаль

70 кг чейин - Мадаминбек Шаршеналы уулу, коло медаль

100 кг чейин - Орозбек Аширов, коло медаль

70 кг чейин - Нурзат Бактияр кызы, коло медаль

Бокс (тай боксу), 67 кг чейин, 1/2 финал

Мустафа Сапармурадов (Түркмөнстан) — Бекжан Матысаев (Сапармурадов жеңип, Бекжан Матысаев коло медаль тагынды)

Бильярд, Англия бильярды, 1/16 финал

Арсен Каленбаев — Ахмад Аднан Абдаллах Аль-Окайли (Иордания) — каршылашы оюнга келбегендиктен жеңиш Каленбаевге берилди

Жеңил атлетика

Айымдар арасындагы 800 метр аралыкка чуркоо, финал

3-орун - Арина Клещукова — 2 мүнөт 9,97 секунд, коло медаль

4-орун - Гүлшана Сатарова — 2 мүнөт 11,58 секунд

Эркектер арасындагы 800 метр аралыкка чуркоо, финал

4-орун - Мусулман Жоломанов, 1 мүнөт 51,12 секунд.

Таблица

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1594
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×