Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Баракелде

Кыргызстандагы спортчулардын стипендиясын 75 миң сомго чейин көтөрүү пландалууда

Turmush -  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спортчулардын стипендиясынын өлчөмүн жогорулатууну көздөөдө. Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында аталган түзүмдүн төрагасы Канат Аманкулов дене тарбия жана спорт боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мыйзамдын жаңы долбоору стипендия төлөп берүүнүн тартибин аныктайт.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров («Кыргызстан») спортчулардын стипендиясынын өлчөмү тууралуу суроосун К.Аманкуловго узатты.

Мамлекеттик агенттиктин төрагасы учурда спортчулар 45 миң сомдон стипендия алып жаткандыгын, эгерде документ кабыл алынып калса, анда олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча машыккандар дагы алышарын кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1245
Көп окулду
×