Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Бишкек 20.09.2017 23:09

Ашкабак кайсы учурларда колдонулбайт?

Turmush -  Ашкабак – химиялык курамы менен башка жер-жемиштерден айырмаланып, элдик медицинада кеңири колдонулган диеталык жашылча. Бирок ашкабактын пайдалуулугуна карабастан, айрым учурларда аны колдонууга болбойт.

Ашкабакты төмөнкү учурларда жегенге болбойт (дарыгерлердин кеңеши):

- Он эки эли ичегисинде жана ашказанында жарасы бар адамдар;

- Гастрит (ашказан оорусу) менен ооругандар:

- Кант диабетинин оор формасы менен ооруган адамдар (ашкабак кандын курамындагы кантты көтөрүп жибериши мүмкүн);

- Адистер ичеги оорусу менен ооруган жана аллергиясы бар адамдарга ашкабакты сунушташпайт;

- Ашкабактын данегин да ашыкча өлчөмдө жегенге болбойт. Анткени, анын курамында ашказан ооруларын козгоочу жана тиштин эмалынын бузулушуна алып келген кислота бар. Дарыгерлер аны жегенден кийин оозду суу менен чайкап коюуну сунуштайт. Ошондой эле, ашкабактын данегинде калория көп болгондуктан салмактын көбөйүшүнө да алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×