Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Баракелде

Видео - Жарым кашык музыка: Кыргыз эстрадасындагы 25 жылдан берки хит ырлар

Turmush -  Ар бир адам баласы жашына, кызмат даражасына, улутуна, динине жана тилине карабастан өзүнүн табитиндеги музыканын толкунунда өзгөчө эмоция менен сүзөт. Муну атайын адистер да изилдеп көрүп, музыка адамдын ички туюму менен кабыл алынуучу өзгөчө сезимдерге ортоктош боло турганын аныкташкан.

Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов дагы ыр саптарында музыканы өзгөчө көркөмдөп жазган эмеспи.

Кыргыз эстрада ырчылары дагы угармандарга, күйөрмандарга жаңы чыгармаларды тартуулап, сөзү менен обону шайкеш келген мыкты чыгармалар эл арасында тез жайылып жатат. Албетте, акыркы учурларда маанисиз, супсак ырлар жаңырып калганы да чындык. Бирок бул — чоң көйгөй жана ар бир ырчынын деңгээли ырдап жаткан ырынын сапатына жараша экени талашсыз.

Ал эми, Кыргызстандагы жаштардын №1 Limon.KG басылмасы 1992-жылдан бери миңдеген күйөрмандарды жыйнап, жүрөктөрдөн түнөк тапкан ырларды бир видеотасмага топтогон. Бул ырчылар үчүн көптөгөн күйөрман жигиттердин жүрөгүнө чок ташталып, көптөгөн кыздардын түн уйкусу бузулган эле. 25 жыл мурун хит болгон ырлардын күйөрмандары азыр дагы арбын. Демек, таланттуу акын менен мыкты обончу жана алардын эмгегин жеткиликтүү аткарган ырчы — унутулбай, өчпөй, узак жашай турган музыкалык чыгарманын жаратуучулары.  

 1. Таалай Бектурганов – «Эмне мынча сүйөм сени» (1992-жыл)

2. «Биз» тобу – «Адина» (1993-жыл)

3. Ибрагим Жунусов – «Эламан» (1994-жыл)

4. «Кербен» – «Улак тартыш» (1996-жыл)

5. «Инсан» – «Сары-Ой» (1997-жыл)

6. Расул Маматкулов – «Мерседес» (1998-жыл)

7. Алина Жетигенова – «Кыздын сыры» (1999-жыл)

8. «Элес» – «Никогда» (2000-жыл)

9. «Элес» – «Кайдасың?» (2002-жыл)

10. Айжамал Кабылова – «Жан-жан» (2003-жыл)

11. Kiggaz – «Дерзкий» (2004-жыл)

12. Замир Мырза – «Танец под дождем» (2005-жыл)

13. «Дэльмар» – «Моя принцесса» (2006-жыл)

14. Мирбек Атабеков – «Не моя» (2007-жыл)

15. Бек Борбиев – «Тамчы» (2008-жыл)

16. Азат Болотбек feat.Масаки – «Айшитерю» (2009-жыл)

17. Burash – «Недоступная» (2009-жыл)

18. Абир Касенов – «Плюс» (2010-жыл)

19. Oakland, CeeTee feat. Нурбек Савитахунов – «Малышка Би» (2011-жыл)

20. Иса Өмүркулов – «Сүйүү жазы» (2011-жыл)

21. Курал Чокоев – «Билип жүр» (2012-жыл)

22. NON STOP – «Кыздар ай, балдар ай» (2013-жыл)

23. Юлия Руцкая – «Аппак сүйүү» (2013-жыл)

24. Асель Касманкунова – «Кара Жорго» (2014-жыл)

25. Айбек Замиров – «Сүйүү бар» (2014-жыл)

26. XTAZY feat. ENOT – «MANIT» (2015-жыл)

27. Абир Касенов – «Вера в любовь» (2015-жыл)

28. Ильяз Андаш feat. Курал Чокоев – «Сейдакматтын ыры» (2016-жыл)

29. Нурмат Садыров – «Торгоюм» (2016-жыл)

30. Мирбек Атабеков – «Энекем» (2017-жыл).

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4571
Көп окулду
×