Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Дүйнө 15.09.2017 14:29

Алтынай Абдымомунова эл аралык сулуулар сынагында күч сынап жатат (фото)

Turmush -  Кыргызстандык модель Алтынай Абдымомунова эл аралык Global Charity Queen сулуулар сынагына катышууда. Бул тууралуу аталган сынактын расмий сайтына жарыяланды.

Сынак 12-сентябрда Тайванда башталган. Ал 23-сентябрга чейин уланып, дүйнө жүзү боюнча 50 сулуу катышууда.

Буга чейин А.Абдымомунова «Кыргызстан сулуусу 2017» сынагына катышып, бирок финалга бир күн калганда уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызы тарабынан сынактан четтетилген. Ал интернетке сынактан 1 күн калганда четтетилип, сынак өтүп жаткан имаратка кирбей калганын айтып, уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызы менен урушканы тартылган видеону жарыялаган.  

Ошондой эле, сынактын 4 катышуучусу жазган арыз боюнча уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызына карата кылмыш иш козгоодон баш тартылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×