Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Баракелде

Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчиликти сактап калды

Turmush -  Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко UFC рейтингинде биринчи орунду сактап калды. Жыңыланган рейтинг 10-сентябрда Канадада өткөн UFC 215 турниринин жыйынтыгы боюнча түзүлүп, 13-сентябрь күнү уюмдун сайтына жарыяланган.

Аталган беттеш Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нунестин ортосунда болуп, мушкер айымдар жеңил салмактагылар арасындагы чемпиондук кур үчүн күч сынашкан болчу. Негизги беттештеги 5 раунддун жыйынтыгы менен калыстар тобу Аманда Нунеске жеңишти ыйгарышкан. Ага карабай В.Шевченко жеңилүүдөн кийин өзүнүн салмак даражасында биринчи катарды сактап калды.  

Ал эми, экинчи орунга акыркы жолу 2016-жылдын ноябрь айында Миши Тейт менен беттешкен америкалык Ракель Пеннингтон көтөрүлгөн. Андан кийинки орундарга Холли Холм, Жулианна Пенья жана Ронда Роузи ээ болду. Алтынчы катарга бразилялык мушкер айым Кетлин Виера жогорулады.

UFC рейтинг

Акыркы беттештен кийин В.Шевченко калыстардын чечими менен макул эместигин айтты. «Мен калыстардын чечимине түшүнбөй турам. Ал (Нунес) бир дагы сокку урган жок. Ал жеңишке жетишти деп эсептебейм. Бир дагы так сокку урулбастан, бутка гана алсыз соккулар болуп жатты. Мен андан алда канча катуу сокку урдум. Бул беттеш дагы болсун деп талап кылам», - деди В.Шевченко.

Ал эми, Нунес каршылашын чарчап калат деп ишенгенин жана бул орундалганын айткан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 711
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×