Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө жол кыймылынын эрежесин бузган кортеждин айдоочуларына айып салынды (видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунда үйлөнүү тойго кортеж менен чыгып, жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочулар административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу РИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Буга чейин Turmush басылмасына күбөлөр билдиришкендей, 9-сентябрда Ысык-Көл районунун Григорьев айылынан Семенов айылына үйлөнүү үлпөт тойго чыккан кортеждин айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин бузушкан.

Алардын айтымында, жаштар үйлөнүү тойго 4төн ашык унаа менен бара жатышкан. Алар башка айдоочулардын өтүнүчүнө көңүл бурбай, эрежелерди одоно бузуу менен айдап өтүшкөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2662
Көп окулду
×