Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Нарын

Фото - Нарында 4 студент кыз 7 миң еврого тамактануучу жай ачышты

Turmush -  Бүгүн, 14-сентябрда Нарын мамлекеттик университетинде окуган студент кыздардын демилгеси менен Нарын шаарында 7 миң еврого тамактануучу жай ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга НМУнун ректору Дамира Кемелова билдирди.

Маалым болгондой, тамактануучу жайдын ачылышына Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Молдокадыров, НМУнун ректору Дамира Кемелова жана студенттер катышты.

«Өзүбүздө окуган студент кыздарыбыздын бул иши абдан жакшы болду. Буга чейин университетибизде тамактануучу жай жок эле. Бизде окуган 4 кыз ушул долбоорду алып чыгышты. Чынында жаштар суктангыдай, Кыргызстандагы башка жаштарга үлгү болуп иштей беришсин. Эми биз ушул жаштарга кошумча шарт түзүп берүү максатында спорттук кабинеттерди ачалы деп жатабыз. "Маданият кафесинин" ачылышы менен студенттер үчүн гана эмес, шаардын жаштарына, жашоочуларына дагы шарт түзүлдү», - деди Д.Кемелова.

Тамактануучу жайдын ачылышына келген Нарын шаарынын вице-мэри Нурбек Молдокадыров мэрдин атынан куттуктоо жолдоп, жаштарга ийгилик каалады.

Демилгечи кыздардын бири Гүлзада Мусабекованын айтымында, тамактануучу жайды ачуу идеясы 3-4 жыл мурун пайда болгон.

«Университетибиздеги ТИКА түрк маданият борборунун мүдүрү Адилет Тентиев агайыбыз менен биргеликте коомчулук баарлаша турган кафе ачууну пландап келгенбиз. Бирок ошол мезгилде мүмкүнчүлүк жок болуп, ача алган эмеспиз. "Демилгең болуп жана аны кагаз бетине түшүрсөң, ал сөзсүз ишке ашат" демекчи, биз пландап, кагаз бетине түшүрүп жүрдүк. 2016-жылы НМУга Германиядан Анна Майер мугалим катары келип, биздин демилгени колдоп, долбоор жазууну сунуштады. Ошентип 2016-жылдын декабрь айынан баштап долбоор иштеп чыктык. Долбоорубузду ишке ашырган Кыргызстандагы Германиянын элчилигине ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14340
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
boria45
23:28, 17 сентября 2017
Молодцы
Нет аватара
oma_82
01:44, 16 сентября 2017
Студентки богачки! Это в городе или универе?!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×