Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баткен

Фото — Баткендеги вино заводдун ишин жакшыртуу үчүн банктар насыя бербей жатышат

Turmush -  Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы 1978-жылы курулган вино заводдун ишин жакшыртуу үчүн банктар чоң суммадагы насыя бербей жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ишкананын жетекчиси Исак Касымов билдирди.

Анын айтымында, СССР убагында ишканага 2 миң тоннага чейин жүзүм алынып турган. 1996-жылдары реформа жүргөн кезде завод да менчиктештирилип, жер, жүзүм бактары да үлүштөргө бөлүнүп, жерлер каралбай, жүзүм плантациясы кыйрай баштаган. Учурда 400-500 тонна гана жүзүм алынат. Ишкананын жабдыктарынын эскилиги жеткен. Аларды жаңылоо үчүн каражат жетишсиз.

«Чоң суммадагы насыя алуу үчүн бардык банктарга кайрылдык. Бирок бардыгы эле алкоголдук ишкана деп баш тартышты. Заводду күрөөгө коёлу десек бул жерди 50-100 миң доллардан ашык баалашпайт. Биздин ишканага 1 млн доллардай узак мөөнөтү менен жеңилдетилген насыя алышыбыз керек. Мына ошондо жаңыланып иш баштасак болот», - деди Касымов.

Эгерде жеңилдетилген узак мөөнөттүү насыя берилсе, анда ишкана базар экономикасынын талабына ылайык кылып өрүк, шабдалы, жана башка мөмө-жемиштерди кайрадан иштетип чыгаруу үчүн жабдыктарды алып келет. Ал үчүн орундар жетиштүү, техника гана жок. Ошондой эле, жүзүм виносун да толугу менен даярдап, атайын экспортко чыгарууга болот.

Ишкананын технологу Акылбек Акматовдун айтымында, алынган жүзүмдөр алгач тазаланып (данеги, таягы алынат), ширеси 50 тонналык челектерге куюлуп, анда 15 күн бою кайнатылат. Учурда 50 тонналык челектердин төртөө жарактуу. 15 күн ичинде даяр болгон соң башка идишке которулуп, атайын вино чыгаруучу заводдорго виновоз менен жөнөтүлөт да ал жактан толук даярдалат. Ишканага Кадамжай жана Баткен райондорунун дыйкандары жүзүм алып келип өткөрүшөт. Союз убагында 70тен ашуун жумушчу болсо, учурда 12 кызматкер гана убактылуу жумуш менен камсыз болуп турушат.

Дыйкан Асан Жороев Чоң-Талаа элинин негизги кирешеси жүзүм экенин айтат.

«Эгер жүзүмдүн баасы өз убагында төлөнүп, заводго кабыл алынса, анда эл куурап калган жүзүм плантацияларын жакшы карай баштайт. Айыл эли 1974-жылдан бери жүзүм менен алектенип келет. Союз убагында кирешебиз абдан жакшы болчу», - деди дыйкан.

Ошондой эле, 300 гектар жүзүм багынан 100 гектары гана сакталып калган. Жүзүм бактарынын жок болуп кетүүсүнүн негизги себеби болуп заводдун менчиктештирилип, толук кандуу ишмердүүлүк жүргүзө албай калгандыгында. Мындан улам дыйкандарга үлүшкө бөлүнгөн жүзүм талаалары кароосуз калып калган. Анткени өндүрүлгөн түшүмдү сатып өткөрүү кыйынга туруп, дыйкандар пайда көрбөй калышкан. Негизги кардар жүзүм заводу болгондуктан аны иштеткен адамдар убагында сатып алышса эле жүзүм бактары кайра жанданат, дешет дыйкандар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 825
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×