Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Айыл турмушу: Таластык мугалим Н.Турдалиев жайында Суусамырда жылкычы болуп ишкерлик кылат (фото)

Turmush -  Талас районунун 34 жаштагы тургуну Насир Турдалиев үй-бүлөсү менен 7 жылдан бери Суусамыр жайлоосунда жылкы багып, кымыз ичүүгө келген конокторду тосууда. Аймактык кабарчы жылкычы менен таанышты.

«Өзүм мектепте мугалим болуп эмгектенем. 2010-жылдан тарта жайлоого чыга баштадык. Малымды башкаларга тапшырбастан өзүм багып, семиртип келүүнү чечтим. Ошондон бери бээ саап, жайлоого туугандарыбыз келе баштады. Алардан башкалар угуп, 7 дубандын ар кайсы жеринен кымыз ичүү үчүн коноктор келе баштады. Күнүнө таң эрте бээни байлап, саап баштайбыз. 24 саат ичинде 5-6 жолу саалат. Сүттү бышып, челекте ыштайбыз. Уй саап, каймак, сүзмө курут жасайбыз. Суусамырга майдын ондорунда чыксак, балдарыбыз окууга барат деп 28-августка чейин гана болобуз. Ошол учурда кымызга деп туугандарыбыз, алардан тышкары ар кайсы дубандан 10дон ашык үй-бүлө келип, 1 аптадан ашык убакыт эс алып кетишет. 1 күнгө 300 сом төлөшөт. Боз үйгө электр жарыгын тартып алганбыз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жылкы багууда иниси жардам бере турганын кошумчалады.

«Айыл турмушу менен жайлоодогу жашоонун айырмасы абдан чоң. Жайлоо жаанчыл болот эмеспи, бир күндө 3 сыйра кийим алмаштырган күндөр болот. Бир тууган иним экөөбүз кезек менен калып, бирибиз айылга түшүп турабыз», - деди ал.

Жылкычы жубайы Замира Момунтаева экөө 1 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 924
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу