Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Түндүк-Түштүк жолунун Жумгалдагы Арал жана Кабак айылдарындагы тилкеси асфальтталып жатат

Turmush -  Жумгал районунун аймагында курулуп жаткан Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун Арал жана Кабак айылдарындагы 195-210-чакырымдарынын 15 чакырым аралыгын асфальттоо иши башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук №24 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Зарылбек Моңошов билдирди.

Анын маалыматында, учурда аталган тилкеде асфальттоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жалпы 10го чукул техника тартылып, 20га чукул кызматкерлери иш жүргүзүүдө.

Буга чейин Арал жана Кызыл-Жылдыз айылдарынын ортосунда жалпы 12 чакырым жол асфальтталып бүткөн. Ошондой эле, Сары-Камыш жана Казарман аймактарындагы 195-234 чакырым унаа жолунун 39 чакырымы асфальттоого даярдалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 473
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:44,   20.09.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу