Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

«AMG» — өзгөчө үлгүдөгү 100 миң сомдук номур

Turmush -  «Инфоком» мамлекеттик ишканасы биринчи жолу Бишкекке тиешелүү энчилүү мамлекеттик номурду сатыкка чыгарды. «AMG» 100 миң сомго бааланганын бүгүн, 14-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен Tazabek басылмасы жарыялады.

Бул номурга ээ болууну каалаган жарандар каражатты банктын кассасына төлөп, Транспортту жана айдоочулук курамды каттоо департаментине кайрылса болот.

номер

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы 2016-жылдан тарта унаалардын мамлекеттик номурлуу белгилерин сатуу укугуна ээ болгон. Ишкана тарабынан өзгөчө комбинациялуу мамлекеттик номурларды онлайн аукцион аркылуу сатуу долбоору да иштелип чыккан. Буга чейин 276 аукцион өтүп, каражат 9 млн 361 миң 381 сомго жетти. Ал эми, аукционсуз сатылган 3 миң 416 даана мамлекеттик номур 1 млн 742 миң 160 сомго бааланган.

Мамлекеттик ишкана тарабынан мамлекеттик белгилердин сатылышы менен өлкөнүн бюджетине таза кирешенин 50%ы түшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1986
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу