Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Айыл турмушу: О.Дуйшебаев 5 тонна балык багып, жылына 500 миң сом киреше табууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 55 жаштагы тургуну Ороспек Дуйшебаев 9 көлмөгө 5 тонна балык багып жатат. Аймактык кабарчы балыкчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, балык багууну 15 жыл мурун Чүй өрөөнүнөн үйрөнүп келген.

«Мындан 15 жыл мурун Чүйгө барып, балык баккандарды көрүп калдым. Ошол жактан балык алып келип көбөйтүп алгам. Буларды жаз-кыш дебестен сууда жүрүп карайбыз. Чоңойгондо сатып, кичинекейлерин кийинки жылга калтырып коём. Азыркы тапта 9 көлмөдө беломор, сазан балыктар багылып жатат. Буларга арпа, буудай, жүгөрү берип турам. Тапкан кирешенин 70%ы жемге жумшалат.

Сатуу учурунда көлдөгү сууларды азайтып алып, андан кийин балыктарды кармайбыз. Мага жардамчы катары кол алдымда 18 киши иштейт. Алардын айлык акысы — кармаган балыктар. Бул жерден кармап алып кеткен балыктарды сатып, өздөрү акча кылып алышат.

Былтыркы жылы балыктын 1 кг 200 сомдон сатсам, быйыл 180 сомдон сатып жатам. 1 жылда балыктан болжол менен 500 миң сомго жакын киреше табам», - деди ал.

Балыкчы жубайы экөө 8 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 522
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу