Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

«Мекендештер»: 21 жаштагы Аманбол Москвадагы алдыңкы автосалондун биринде иштейт (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 21 жаштагы тургуну Аманбол Токтобеков. Учурда ал Москва шаарында эски унааларды жаңыртуучу автосалондо эмгектенип жатат.

А.Токтобековдун айтымында, ал Москвада иштеп жатканына быйыл 3 жыл болду.

«Мен Москвага келгениме 3 жыл болду. Туруктуу жумуш тапкычакты ар кандай жумуштарда иштеп жаттым. Кыргызстанда «Манас» университетинде ашпозчу болуп иштегем, бирок айлык маянасы аз болгондуктан байкемдин сунушу менен Москва шаарына келдим. Бул жакта экономика жана техникалык жактан өнүккөнү менен, маданият жактан алсыз экенин көрдүм. Жаратылышынын кооздугу, суусунун тазалыгы жагынан биздин мамлекетке жетпейт. Азыр эски унааларды жаңыртып жасап саткан автосалондо иштейм. Унаалардын ичин, сыртын оңдоп, жасалгалап, эски жерлерин жаңыртабыз. Андан кийин кардарлар сатыкка алып чыгышат. Бул автосалон Москва шаарында эң алдыңкы салондордун катарына кирет. Жакында акча топтоп, мекенимде автосалон ачсам деген планым бар», - дейт ал.

А.Токтобеков аталган компанияда иштеп, айына 40 миң рубль маяна алат. Жакында үйлөнүп, мекенине кайтып келүүнү пландап жатат. Үй-бүлөдө 3 уулдун кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 613
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×