Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-суулук Г. Кондубаева 17 жаштагы уулу өзүн-өзү атып өлтүргөнүнө ишенбейт (фото, видео)

Turmush -  Ак-Суу районунун Каракол совхозунун тургуну Гүлнара Кондубаева 17 жаштагы уулу өзүн-өзү атып өлтүргөнүнө ишенбейт. Анын айтымында, 4 баласы бар. Кичүү уулу Темирлан 2015-жылдын 4-мартында каза болгон.

«Уулумдун мүнөзү жоош эле, үйдө экөөбүз жашачубуз. 2015-жылдын 3-мартында уулум мектепке кеткен. Ошол күнү ал баңгизат менен кармалып, Ак-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайында экенин айтышты. Мен барып, уулумду үйгө чыгарып келгем. Эртеси эртең менен ойгонсом уулум жок экен. Отунга кетти го деп ойлодум. Түштөн кийин да келген жок. Андан кийин уулум өзүн-өзү атып, каза болгонун айтышты. Андан бери эки жарым жыл өтсө да уулумдун өз жанын кыйганына ишенбейм. Ал мындай кадамга барбайт болчу», - дейт Г.Кондубаева. 

Ошол күнү Темирландын жансыз денесин айылдашы мал кайтарып жүрүп көрүп калган. Анын айтымында, баланын жанында кол чырак жана мылтык болгон. Ал милиция кызматкерлерин чакырып, медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

 Г.Кондубаева уулу өзүн-өзү атып өлтүрүүгө эч кандай себеп жок болчу деп эсептейт.

Ал эми ОИИБдин башчысы С.Усубакуновдун маалыматына караганда, аталган факт боюнча өз учурунда тиешелүү иштер жүргүзүлүп, апасынын арызынын негизинде иш бир нече жолу текшерилген.

Г.Кондубаева Темирлан өзүн атып өлтүрдү деген мылтык ага таандык эмес экенин айтса, ички иштер кызматкерлери ал мылтык менен мурда Темирлан аңчылык кылып жүргөнүн далилдешкен. Бирок текшерүү учурунда мылтыктын номуру өчүрүлгөнү аныкталган.

Ал эми Г.Кондубаева 2,5 жылдан бери уулунун өлүмүнүн себеби аныкталбаганын айтып, акыйкаттык издеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 890
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×