Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Жалал-Абад

Аксы районунда жолбун иттер жок кылынды

Turmush -  Аксы районунда кутурма оорусунун алдын алуу максатында жолбун иттерди атып жок кылуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссиянын кеңешмесинде маалым болду.

Маалыматка караганда, Аксы районунда быйылкы жылдын сегиз айында 303 баш ит жок кылынган. Жолбун иттерди жок кылуу иштери Кербен шаарында, Авлетим, Кызыл-Туу, Кашка-Суу, Ак-Суу айыл аймактарында жүргүзүлгөн. Ал эми, Кара жыгач, Кара-Суу, Үч-коргон, Кош-Дөбө, Ак-Жол, Жерге-Тал, Жаңы-Жол айыл аймактарында жолбун иттерди жок кылуу иштери жүргүзүлгөн эмес. Ага ит атуу боюнча атайын келишим түзүлбөгөнү себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 373
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу