Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарындык С.Исмаилова «Жыл мугалими - 2017» сынагынын баш байгесин жеңип алды (фото)

Turmush -  Нарын облустук усулдук билим берүү борбору уюштурган «Жыл мугалими - 2017» облустук кароо-сынагында Нарын шаарындагы мектептин мугалими Самара Исмаилова 1-орунду жеңип алды.

Маалым болгондой, аталган сынакка шаар, райондордон келген 5 мугалим катышып, өздөрүнүн сабак өтүүдөгү ыкмаларын көрсөтүп, психологиялык-педагогикалык тесттен өтүштү. Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Нарын шаарындагы Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынын мугалими Исмаилова Самара, 2-орунду Нарын районундагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Рысалиева Назгүл, 3-орунду Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы орто мектебинин информатика сабагынын мугалими Турсуналиев Тынчтык ээлешти.

Жеңүүчүлөр облустук усулдук билим берүү борборунун ардак грамотасы менен сыйланды жана республикалык сынакка катышууга жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 533
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу