Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Айыл турмушу: Таластык Т.Базарбаев аялзаты үчүн керектүү ашкана буюмдарын жасайт (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылынын 50 жаштагы тургуну Таалайбек Базарбаев 3 жылдан бери үй тиричилигине керектүү буюмдарды жасап сатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жасаган буюмдарын 200 сомдон баалайт.

«Мен өзүм устанын үй-бүлөсүндө чоңойгом. Чоң аталарым жыгач уста болгон экен. Айыл ичинде туруктуу жумушум болбогондуктан устачылык менен алектенүүгө туура келди. Азыркы учурда турмуш-тиричиликте аял кишиге керектүү буюмдарды жасап сатам. Такталар 100 сомдон, нан чеккич 75 сомдон, кичинекей кепкирлер 150 сомго, чоң кепкирлер 200 сомдон сатылат. Токуган зымды базар баасы менен 1 кг 85 сомдон алам. 1 кг зым 10 кепкирге жетет. 5 күндө 2 кепкир жасалып даяр болот. Бир күн кечке токуп даяр кылсам, экинчи күнү саптарын даярдап, лактап кургатам. Мен базарга алып барып сатпайм. Буйрутма берип, кардарлар өздөрү издеп келишет», - деди ал.

Уста 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 534
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу