Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Ак-Ордо конушундагы дааратканадан 1,5 жаштагы баланын денеси табылды

Turmush -  Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда дайынсыз жоголгон 1,5 жаштагы баланын денеси даараткананын чуңкурунан табылды. Бишкек ШИИБдин билдирүүсү боюнча, баланын жоголгону тууралуу Ленин РИИБге кечээ, 12-сентябрда маалымдалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, түшкө жакын бала үйдүн короосунда ойноп жүргөндө апасы үй иштери менен алектенип жаткан. Бир аз убакыттан кийин баласын таппай калган эне алгач кошуналарынан сураштырып чыгып, андан кийин гана милицияга телефон аркылуу кабарлаган.

Милиция кызматкерлери баланы издөө иштерин жүргүзүп, алгач ошол аймактагы адамдарды суракка алуу менен жакын аймакты тинтип чыгышкан. Бирок издөө иштери натыйжа берген эмес. Кечинде саат 19:30 чамасында гана даараткананын чуңкурун кайталап текшерип, баланын жансыз денесин таап чыгышкан.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7700
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу