Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Нарын

Нарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол белгилер жаңыртылып жатат

Turmush -  Нарын шаарынын ичиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол белгилер жаңыртылып сырдалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Таза Нарын» ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, шаар тургундарынын коопсуздугун сактоо үчүн жылына эки жолу жол белгилер ишкана тарабынан жаңыртылып сырдалып турат. Бул жолу алар жылдагыдан айырмаланып, муздак пластиктен боёкторду пайдаланууда. Сары түстөгү боёктор алыстан көрүнүктүү болуп, айдоочулардын көңүлүн буруп, жол кырсыктарын алдын алат. Боёкторду алуу үчүн 207 миң сом акча каражаты жумшалды.

Жаңы окуу жылы башталгандыктан биринчи кезекте бала бакчаларга, орто мектептерге, жогорку жана орто окуу жайларга өтүүчү жолдордогу белгилер сырдалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 672
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×