Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Нарын

Бишкекте окуган студенттер Жумгалдан паспортторун ала албай убара болууда (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук паспорт берүү бөлүмүнөн Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларда окуган студенттер документтерин ала албай келишет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Жамила Төлөмүшова билдирди.

Анын маалыматында, учурда Жумгал районунда биометриялык паспорт берүү акысыз жүргүзүлүп жаткандыктан паспорт берүү бөлүмүндө кезекке тургандар көп.

«Менин кызым учурда Бишкек шаарында жогорку окуу жайда окуйт. Ал окуу баштала электе жаңы паспорт алууга документтерин тапшырып кеткен. Бирок документти бир тууганы же ата-энесине бербей жатышат», - деди Ж.Төлөмүшова.

Паспорт берүү бөлүмү ишемби, жекшемби күндөрү иштебейт.

Ал эми, Жумгал райондук паспорт берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү студенттер өздөрү гана кол коюп, документин алып кетүүгө боло турганын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 827
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×