Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ат-башылыктар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолго айнектин сыныктарын төккөндөргө нааразы (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун борбору болгон Ат-Башы айылынын М.Өмүракунов көчөсүндө 3 күндөн бери төгүлүп жаткан айнектердин сыныктары жергиликтүү тургундарга, окуучуларга тоскоолдук жаратып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, айнектин сыныктары Өмүракунов көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо ээн эркин төгүлүп, 3 күндөн бери тазаланбай турат.

«Бул жол айылдагы негизги көчөлөрдүн бири, айылдагы мектептер, бала бакчалар ушул көчөнү бойлой жайгашкан. Бул көчө аркылуу чоң адамдар базарга, жумушка, балдарыбыз мектепке барышат. Бул айнектерди ким жолдун жээгине төгүп таштаганын билбей турабыз. Жергиликтүү бийлик адамдардын, балдардын коопсуздугу үчүн тазалап койсо жакшы болот эле», - деп билдиришти айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 566
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу