Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Акыркы суткада өлкө аймагында 35 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 35 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 38 бөлүм жөнөтүлдү. Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон, деп маалымдайт ӨКМ.

Оштогу Кара-Суу районунун Нариман айылындагы «Антошка» бала бакчасынын жанындагы ачык аянтта өрт чыккан. Анын кесепетинен 2 куб отун, куураган чөп күйдү. Адамдар жабыркаган жок. Отко этиятсыз мамиле кылуу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле, электр жабдууларын кууроодо эреженин бузулушунан улам Ноокат шаарчасындагы сарайдын 2-кабатынын чатыры, 200 түк саман, 1 куб отун күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 296
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу