Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баткен

Кадамжай районунда документтерди сактоого архив имаратын куруу керек

Turmush -  Кадамжай районунун архив бөлүмүндө документтерди сактоого орун жетишсиз. Бул тууралуу кечээ, 12-сентябрда Кадамжай районунда өткөн коллегиялык жыйында белгилүү болду.

Бүгүнкү күндө Кадамжай районунун аймагында 180 миңден ашуун калк жашайт. Аны тейлеген райондук архив бөлүмүндө 4 кызматкер эмгектенет. Аталган мекемеге кайрылгандардын көптүгүнөн эл кезекке турууга мажбур. Андан улам архивдик бөлүмгө дагы кошумча штат ачуу зарылчылыгы жаралган. Райондук авхивдин имараты өтө тар болгондуктан районго тиешелүү документтердин бир бөлүгү Баткен облустук архивинде сакталууда. Ал эми, райондогу ири ишканалардын документтери райондук архивде орун жоктугуна байланыштуу ишканалардын өздөрүндө сакталып турат.

Коллегиялык жыйындын жыйынтыгында архив бөлүмүнө жаңы заманбап имарат куруу зарыл экени белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 555
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×