Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Чүй

Жаш талант: Ысык-аталык 7 жаштагы Улукбек таэквондо боюнча мелдеште 1-орунду алды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 7 жаштагы тургуну Улукбек Бектеназаров таэквондо боюнча «Кёпке» мелдешине катышып, 1-орунду жеӊип алды. Ал 1 жылдан бери спорттун аталган түрү менен машыгып, бир топ ийгиликтерди багындырган. Аймактык кабарчы жаш спортчу менен таанышты.

«Мен азыр 7 жаштамын. Спортко 6 жашымда келдим. Кудай буюрса келечекте дүйнө чемпиону болом. Жакында эле «Кёпке» деген мелдешке катышып, 1-орунду жеӊип алдым. Ошонун арты менен кур тагынууга жетиштим. Алдыда дагы бир мелдеш бар. Ошондон жакшы жыйынтык көрсөтсөм дагы бир кур алам.

Өзүм кичинекей болсом да максаттарым өтө чоӊ. Ушул спорттон чемпион болуп, андан соӊ машыктыруучу болгум келет. Кээде аскер кызматкери, майор болгум келет. Чоӊойсом чоӊ үй салып, атам менен апамды ошол үйгө алып кетмекмин. Аларды эч нерседен кем кылбай багам», - деди ал.

Улукбек Бектеназаров үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 534
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:37,   24.11.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×