Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Баткен

Баткенде суу түтүктө кыпчылып жаткан 2 жаштагы бала табылды (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын Раззаков көчөсүндөгү арыктын суу түтүгүнө кыпчылып жаткан жеринен табылган 2,5 жаштагы Нурислам жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, бала укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан табылган. Анын ата-энеси Россияда иштеп жүргөндүктөн, башка жакындарынын кароосунда болчу. Кечээ, 12-сентябрда саат 14:30 чамасында көчөгө ойноп чыгып, бир топ алыска кетип калган. Нурислам жакшы сүйлөй албагандыктан жашаган дарегин айтып бере алган эмес. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну экени аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1174
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×