Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Япониянын элчиси Е.Ямамура Баткенге келди

Turmush -  Япониянын Кыргызстандагы элчиси Есихиро Ямамура Баткенге иш сапары менен келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Элчи иш сапардын алкагында Баткен облусунун жетекчилиги менен жолугушту. Алар элчиге Япониянын Баткен облусунун саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагына көрсөткөн жардамдарына токтолуп, ыраазычылыктарын билдиришти.

Япония элчилиги тарабынан облустук ооруканага эле 80 миң доллар инвестиция тартылган. Лейлек районунун Кулунду жана Баткен районунун Таян айылдарында да медицина кызматкерлери эне жана баланы коргоо жаатында билимдерин жогорулатып, зарыл болгон медициналык заманбап жабдуулар менен камсыз болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 565
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу