Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык чебер Акылай апа айына 20 миң сомго чейин киреше табат (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 65 жаштагы тургуну Акылай Рахманова жүн ийрип, кийизден баштыкча, баш кийим жана кооз килемдерди токуйт. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Анын айтымында, кол өнөрчүлүктү энесинен үйрөнгөн. Кол өнөрчүлүгү менен айына 15-20 миң сом киреше табат.

«Энем чебер аял болгондуктан жаштыгыбыздан үйдө отуруп, килем токуп, жүн ийридик. 1983-жылдан тарта өз алдымча тигүүчүлүккө катуу киришип, бара-бара колумдан жаралган кездемелерди сатыкка кое баштадым. Кыргыз орнаменттери менен кооздоп токуйм», - деди ал.

Чебер токуган килем, баш кийим жана баштыкчалар республикалык фестивалдарда көргөзмөлөргө коюлуп келет.

«Ар бир облуска тажрыйба алмашуу үчүн барып, таанышып турабыз. Жакында эле Талас облусуна барып, буюмдарды жасоонун жолдорун үйрөнүп келдим. Бири-бирибиз менен байланышып, жасалган кездеме, буюмдарыбызда алмаштырып турабыз», - деди ал.

Чебер 2 уул, 3 кыз жана 10 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 785
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
12:59,   21.11.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×