Бөлүмдөр
Ишемби, 25-ноябрь
69.71    82.67    1.19    KZT 0.21
Баракелде

К.Бакиевдин жубайы жумушка көп барбаганы үчүн «Минск» мейманканасынын жетекчилигинен бошотулду

Turmush -  Беларусь Республикасында жашап жаткан Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова «Минск мейманканасы» («Отель Минск») республикалык ишканасынын жетекчилик кызматынан бошотулду. Бул маалыматты жергиликтүү басылмаларга аталган мейманканадан тастыкташкан.  

«Ал жетекчилик кызматтан тараптардын макулдугу менен кетти. Көпчүлүк учурда эмгек өргүүсүн алып, жумушка келчү эмес», - деп айтылат маалыматта.  

Ал эми, «Минск мейманканасынын» жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Беларусь Республикасынын президентинин мурдагы жардамчысы Виктор Кучинский дайындалган. 

Назгүл Төлөмүшова 2016-жылдын октябрь айынан бери Беларусь Республикасынын президенттик иштер башкармалыгынын курамына кирген мейманкананы жетектеп келген.

Мурдагы президент К.Бакиев үй-бүлөсү менен 2010-жылдагы революциядан кийин Беларусь Республикасына кетип, ал жердин жарандыгын алган болчу. Н.Төлөмүшованын айтымында, К.Бакиев менен 1995-жылдан бери чогуу жашайт. Кыргызстандын экс-президенти жубайынан бир нече жашка улуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 23996
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×