Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Кара-Балтада мэриянын мурдагы кызматкери уруксатсыз унаа жуучу жай салып жатат, - тургундар

Turmush -  Кара-Бала шаарынын тургундары үйүнүн жанына уруксатсыз унаа жуучу жай куруп жаткан мэриянын мурдагы кызматкерине нааразы болушууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда эртең менен Шопоков көчөсүндө жайгашкан үйдүн ээси араанын жана балканын үнүнөн ойгонуп, эшикке чыккан. Ал убакта куруучулар терезенин алдындагы бактарды кыйып, электр мамыларынын тирөөчтөрүн аралап салышкан. Көчөнүн экинчи тарабында жашаган Сагындык Д. келип, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы кызматкери экендигин айтып, курулуш жүрүп жаткан жер тилке өзүнө тиешелүү экендигин билдирген. Бирок жер тилкесине тиешелүү документ көрсөткөн эмес. Тургундар шаар жетекчилигине арыз менен кайрылышкан. Алар мурдагы мэрия кызматкеринин документтери жайында экенин айтып, арызды талаш-тартыштан кийин кабыл алышкан. Жайыл райондук архитектура башкармалыгынын аталган курулуштан маалыматы болгон эмес. Алар жер тилкеге тиешелүү документтерди текшерип, курулушка коомдук макулдашуу өткөрүлгөндүгүн аныктоого алышарын убада кылышкан. Бирок учурда унаа жуучу жайдын курулуш иштери уланып жатат. Шопоков жана Оторбаев көчөлөрүнүн тургундары жогорку инстанцияга кайрылууларды даярдап жатышкандыгын айтышты.

«Бизге таза суу жетпей жатса, унаа жуучу жай салынып жатат. Качанкыга чейин мындай курулуштар салынат? Качан бул тармак иретке келтирилет? Компетенттүү органдар бул иш боюнча текшерүү жүргүзүп, туура баа берет деп үмүттөнөбүз», - дешти шаар тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 82 адам окуп жатат)
×