Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Жайыл районунун үч айылына заманбап үлгүдөгү жол чырактар орнотулду (фото)

Turmush -  Жайыл районунун үч айылына заманбап үлгүдөгү жол чырактар орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга патрулдук милиция бөлүмүнүн улук инспектору Максат Кубатов билдирди.

Анын айтымында, жол кыймылын жөнгө салган электрондук жол чырактар эл көп жүргөн аймактарга орнотулган.

«Жол чырактар Бекитай, Бөксө-Жол, Сосновка айылдарына орнотулду. Жөө жүрүүчү жолдон өтүү үчүн жол чырактарда атайын баскычтар орнотулган. Мындай жол чырактар Жайыл районунда биринчи жолу коюлуп, республикалык бюджеттен каржыланды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 358
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу