Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Ысык-Көл

Жети-Өгүздүн эли кошуна өлкөлөргө 3 миң тоннага жакын өрүк сатышты, - акимиат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун эли кошуна өлкөлөргө 3000 тоннага жакын өрүк сатышты. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондо өрүктүн мыкты сортторун көбөйтүүгө көӊүл бурулууда.

«Быйыл өрүктүн түшүмү жакшы болду, анын үстүнө өткөн жылдардай мөмөлөрдү чаар так баспай, таза болуп, анын баасынын жогору болушуна шарт түздү. Өрүктүн баасы дүӊүнөн 40-47 сомго чыкты. Ал эми королевский сорту 60 сомдон сатылды. Район боюнча жалпысынан 3000 тоннага жакын өрүк Казакстан, Россияга сатыкка чыгарылды», - деп айтылат маалыматта.

 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1202
Көп окулду
×