Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Чүй

Кыргызстандын жаратылышы: Кегети коктусунун төрүнөн орун алган Көл-Төр (фото)

Turmush -  Көл-Төр көлү Чүйдүн Кегети коктусунда жайгашкан. Кыргызстандагы эӊ кооз жерлердин бири ушул Көл-Төр тууралуу изилдөөчү Гүлбара Оморова аймактык кабарчыга айтып берди.

«Көл-Төр деӊиз деӊгээлинен 2730 метр бийиктикте орун алган. Айланасында чоӊ таштар, морена бар. Таш аралаш кыртыш менен жүрүп отуруп көлдөн ары 2 саатта мөӊгүгө жетсе болот. Бул өрөөндө көптөгөн тоо текелер оттоп жүрөт. Андан кайра агып чыккан дарыя жердин асты менен кетип, завалга кирип кетет дагы (завал 100 жылдан көп убакыт мурун пайда болгон) токойдун башталган жеринен каскад сымал тунук, таза суу агып чыгат. Көл коктунун төрүндө жайгашкандыктан Төрдөгү-Көл деп аталып калган. Кыргызстанда Көл-Төр деген аталыштагы бир нече көлдөр бар. Көл-Төр дегенде төрдө, эӊ акыркы жайгашкан экенин жана андан ары башка көл жок деп түшүнсө болот», - деди ал.

Бул көл Бишкек шаарынан 90 км алыстыкта жайгашкан.

«Коктунун башталышында конок үйлөр бар. Ал жактан 7 км аралыкта тез бассаӊыз 2 саатта, жай бассаӊыз 3 саатка чейинки убакытта көлгө жетесиз. Бара турган маршрут оӊой, эч кандай оорчулугу деле жок. Жаӊы тоого бара баштагандарга ылайыктуу. Бул көлгө кичинекей мектеп окуучулар да барышат. Ат менен барсаӊыз мындан да тез жетесиз. Көлгө көп адамдар каттагандыктан жакшы тапталган чыйыр жол бар. Жалгыз барсаӊыз да адашпайсыз. Анан да көлдү 40-50 мүнөт айланып, сейилдесеӊиз болот», - деди изилдөөчү айым.

Ошондой эле, ал мезгилге жараша көлдүн айланасында ар түрдүү гүлдөр өсөрүн айтты.

«Токоюнда малина, тоо карагат, ит мурун, кызыл карагат, кара моюл, бөрү карагат, четин мөмөлөрү өсөт. Ал эми тоонун боорундагы арча, карагайлар бийиктеген сайын альпы шиберине айланарын көрөсүз. Ошол токойдо козу карындардын көп түрлөрү кездешет. Көлдүн жашыл же көгүлтүр түстүү өңү жана сол жак тараптагы жээгиндеги урчук таштар ого бетер кооздукту берип турат. Көлдүн баш жагында мөӊгүдөн агып түшкөн суу көлгө куюп, көздүн жоосун алган көрүнүштү тартуулайт. Көлдүн айланасы тынч, салкын жана тоонун шамал аралашкан таза абасын сезип турасыз. Суу мөӊгүдөн пайда болгон үчүн муздак жана сууда балык жок, астында кара түстөгү чоӊ-чоӊ таштар бар. Көл-Төр тоонун арасында жайылып жайгашкандыктан узундугун так айта албайм, болжол менен чыгыштан батышка 45-50 метр болот, туурасы болжол менен 20 метр, орточо тереӊдиги 7-8 метр, бирок жыл сайын суунун деӊгээли мөӊгүнүн эришине жараша өзгөрүп турат. Кегети коктусу экиге бөлүнүп, эки жакка жол кетет. Анын оӊ тарабында шаркыратма жайгашкан болсо, сол тарабында Көл-Төр көлү жайгашкан. Бул коктуда жайгашкан ашуу аркылуу кошуна жайгашкан Туюк коктусуна өтүп кетсе болот. Биз жаратылышка кызыккан пикирлештер менен чогуу барып, бул көлдү көрүп келдик. Ал эми бул сүрөттөрдү Макс Клейтор аттуу сүрөтчү тартты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 637
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу