Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Түркмөнстанда теракт уюштурууну пландаган ага-ини кармалды

Turmush -  28-августта Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында ишке ашыруу пландалган теракт токтотулду. Бул тууралуу «Хроника Туркменистана» басылмасы маалымдады.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип түркмөнстандык бир тууган ага-инилер кармалды. Алар Түркмөнбашы шаары менен Баку шаарынын ортосунда каттаган «Бахтияр» кемесине жардыруучу заттарды алып кирүүгө аракет кылышкан. Бир туугандар бомбан кеменин ичинен чогултууну пландашкан. Жардыруу кеме ачык деңизге чыкканда ишке ашмак. Кемеде бул күнү 170ке жакын жүргүнчү болгон.

Түркмөнстандын атайын кызматтары теракт уюштуруу аракети көрүлүп жаткандыгын мурдатан билишкени белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 337
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу