Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Сокулуктук К.Сейитбеков 5 жылдан бери тайган кармап, мергенчилик кылат (фото)

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Асылбаш айылынын 22 жаштагы тургуну Кайрат Сейитбеков 5 жылдан бери карышкыр ала турган тайгандарды кармап келет. Ал былтыркы кышта 3 карышкырдын алдынан куралсыз чыккан. Аймактык кабарчы мергенчи менен таанышты.

«Учурда менде 5 тайган бар. Бирөөсү 3 айлык күчүк. Калганы 2 чоӊ эркек тайган жана 2 чоӊ ургаачы тайган бар. Алардын бири Нарындан, бирин Таластан жана дагы бирин Кой-Таштан алып келгем. Кой-Таштан келген тайган кашкулакка тиштетип, бир аз коркуп калган болчу, азыр кайра жанданып келе жатат. Таластан келген ургаачы тайган Шумкардын тукумунан болот.

Мен өзүм 5 жылдан бери тайган кармайм. Мындан 2-3 ай мурун 3 тайганымды жарым сааттын ичинде уурдатып жибергем. Кечки саат 21:00 болуп калган, карасам уурдап кетишиптир. Тайганга кызыккандар эле алып койду деп ойлоп калдым. Негизи кыргыз тайгандарынын сүрү жана жыты башкача болсо керек. Азиат тукумундагы иттер эмнегедир тайгандан коркушат. Бул тайгандарды бакканымдын себеби, мен мергенчиликке чыгам. Мергенчилик күзүндө башталат. Ошондо чөө, карышкырларга чыгабыз», - деди ал.

Мергенчи 3 карышкырдын маӊдайынан куралсыз чыкканын айтып берди.

«Былтыр кышында, чилде чыга элек болчу. 3 карышкыр дыйкандардын талаасына түшүптүр деп угуп, 2 мергенчи байкелер менен жолго чыгып калдык. Мен аларга карышкырды айдап бермекмин. Колумда курал жок. Жанымда кичинекей күчүк тайган бар болчу. Мен чоӊ арыктын сол жагында болсом, карышкырлар он жагында экен. Арыктын жанында уйгак баскан чоӊ жол бар. Ошол жол менен тигил мергенчи байкелердин алдына айдап берейин деген ой кетти. Анан дөӊдү айланып, суунун ары жагына өтө калсам 3 карышкыр так маӊдайыман чыкса боло. Жүрөгүм оопколжуй түштү. Бирок тигил мергенчи байкелер жакта жүргөн эки чоӊ тайган жаныма жетип келди да, 2 карышкырды кубалап кетти. Менин маӊдайымда калган бир карышкыр шашпай бурулуп, акырын желип басканда мен кыйкырып артынан кубаладым. Бирок карышкырлар мергенчилерди көздөй эмес такыр башка жака качып жөнөштү. Ошентип ал күнү карышкырларды ата албай калганбыз. Карышкырдын так маӊдайынан чыкканда анын сүрү аябай эле коркунучтуу экенин байкадым», - деди ал.

Кайрат 1994-жылы Сокулук районунун Асылбаш айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 698
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 86 адам окуп жатат)
×