Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баткен

Кара-Булакта айгүлдүн элеси чагылдырылган арка куруу үчүн марафон уюштурулат

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылынын кире беришине айгүл гүлүнүн элеси чагылдырылган арка куруу үчүн марафон уюштурулат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Арка куруу демилгесин көтөрүп чыккан уюштуруу тобунун төрагасы Замир Сапардын айтымында, арканын сметалык баасы 1 млн 500 миң сомду түзгөн. Ага жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом каралууда. Калган сумманы топтоо үчүн 13-сентябрь күнү Кара-Булак айылындагы С.Эрматов атындагы мектепте облустук деңгээлде марафон өткөрүлөт.

«Баткенди дүйнөгө таанытып турган айгүл гүлүн сактап, аны коргоо керек. Туристтерге жакшы көрүнүш болушу үчүн айылдын босогосуна арка курмакчыбыз», - деди Замир Сапар.

Арканын макетин жасоого жарым жылга жакын убакыт кетип, аны айылдын жаштары өздөрү жасашкан.

«Эгерде көрсөтүлгөн акча топтолсо 2 ай аралыгында куруп бүтүрөбүз. Андан ары да пландарыбыз бар. Айгүл гүлүн сактоо үчүн гүл өскөн жерлерди тосуп, 5 жылга мораторий жарыялоо керек», - деди архитектор Заман Сапаров.

Арканын бийиктиги 9 метрди түзүп, капталынан караганда боз үй сыяктуу көрүнөт. Анын эки четине Козулан баатыр менен Айгүл кыздын айкелдери коюлат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 519
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу