Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Фото - Дүйнөдөгү эң кызыктуу, кооз жана таң калычтуу акчалар

Turmush -  Кагаз акчалар миң жыл мурун пайда болгон. Ошондон бери акчалардын аталышы, дизайны, көлөмү бир дагы жолу өзгөргөн эмес.

Немис нотгельди

0zm9b2qf9q5vyg-0optfbg-wide

Германияда согуш учурунда жана андан кийин майда акчалар жетиштүү болгон эмес. Кийинчерээк ашынган инфляция башталган. Ошондуктан Рейхсбанк аймактык акча бирдиги нотгельдди киргизген. Алар башка Европа өлкөлөрүндө да пайда боло баштап, бирок нотгельд эң көп Германияда колдонулган.

Немис нотгельдин жергиликтүү бийлик жана айрым ишкерлер чыгарган. Аны кагаздан, фарфордон жана ныкталган көмүрдөн жасашкан. Алардын бирине эшектин сүрөтү түшүрүлсө, башкасына тишин көрсөтүп турган шайтандын сүрөтү чегерилген. 1923-1924-жылдары бийлик рента жана рейхс маркаларын киргизгенде, нотгельд колдонуудан чыккан.

Швейцариянын франкы

r7i0foxwbmtyrbat8quvoa-wide-614x395

1990-жылдардын экинчи жарымында Швейцариянын улуттук банкы тике акча бирдигин киргизген. Анын бетине экиден портрет, архитектор Ле Корбюзье, композитор Артюра Онеггера, сүрөтчү Софи Тойбер-Арп, скульптор Альберто Жакометти, жазуучу Шарль Фердинанда Рамю жана маданият таануучу Якоб Буркхардтанын сүрөтү түшүрүлгөн. Акчанын экинчи бетине алардын өмүр баяны жазылган. Франк эң ишенимдүү акча бирдиги болуп эсептелген.

Самоанын өзгөчө түстүү акчасы — тала

rthrnddvce6hthxxp0nejg-wide

2008-жылы кичинекей Самоа мамлекети жаңы банкнотторду чыгарган. Аларга табият көрүнүшү, реги боюнча курама тайпанын, Гонконгдо өткөн турнирдин жеңүүчүсү Малиетоа Танумафили экинчинин, борбордук банктын сүрөтү чегерилген. Бул баалуу кагаздар ачык түстөрү менен айырмаланган.

Лондондун бир районунда колдонулган фунт

mzl4s3qew6kbffahrk6geq-wide

Брикстон фунту Лондондун бир гана районунда колдонулат. Ал дүйнөлүк кризис учурунда төмөндөп кеткен экономиканы колдоо максатында 2009-жылдын күз мезгилинде чыгарылган. Бийлик бул демилгени колдогон.

Банкнотто музыкант Дэвид Боуи, активист Олив Моррис, окумуштуу Жеймс Лавлок, баскетболчу Луол Денг жана башка белгилүүлөрдүн сүрөтү түшүрүлгөн. Брикстон фунту стерлинг фунту менен бирдей, бирок коллекционерлерге кымбат сатылат.

Зимбабвенин 100 триллион доллары

0fo4xti76_15efprplu4ig-wide

Зимбабвенин 35 жылдык эгемендүүлүгүндө инфляция биринчи жылы гана 10%га төмөн болгон. 2008-жылы бийликтин басып чыгарган банкнотторунун негизинде баалар болуп көрбөгөндөй көтөрүлгөн.
Убакыт өткөндөн кийин Зимбабведе жүз миллиард жана триллион доллар номиналындагы банкноттор чыга баштаган. Банкнотторго чоң шагыл таштардын сүрөтү түшүрүлүп, жазуулар рок-группалардын эн белгисинин стилиндеги тамгалар менен жазылган.

Казакстандын теңгеси

e5txr0hz9hjjhjnqoapp6w-wide

The International Bank Note Society коллекционерлердин ассоциациясы үч жыл катары менен Казакстандын теңгесин мыкты акча бирдиги деп тандашкан. Бир, беш жана он миң номиналындагы банкноттун бир жак бети Швейцариянын франкындай тике жасалгалоого ээ болсо, экинчи тарабы узунунан жасалгаланган. Ага казак элинин монументи жана көгүчкөндөр, ошондой эле байыркы Күл-Тегиндин эстелиги, президенттик сарай, Казакстандын көз карандысыздыгынын монументи, жаратылыштын сүрөттөрү чегерилип, кызыл, сары, кочкул көк түстөргө боёлгон.

Канаданын доллары

4_5nf_k7bovwcbjvozecoa-wide

2011-2013-жылдары Канаданын банкы полипропилен жана полиолефинден жасалган банкнотторду чыгарган. Анын бир жак бетине өлкөнүн премьер-министринин жана Улуу Британиянын ханышасы Елизаветта биринчинин сүрөтү түшүрүлгөн. Ал эми, эки экинчи бетине темир жол, жоокерлердин мемориалы, муз жаруучу кеме «Амундсен» жана лабораториянын сүрөтү чегерилген.

Норвегиянын акча бирдиги — крона

pbdcbfoqd6yzxr0tqbs6vq-wide

Норвегиянын банкы акча бирдигине жаңы жасалга табуу үчүн сынак уюштурган. Деңиз темасы тандалып, «Enzo Finger» студиясы балыктар макети менен жеңүүчү болгон. Банкноттун бир жак бетине деңиздеги мунара, кеме жана толкундун сүрөттөрү түшүрүлсө, экинчи бетине ар кандай сүрөттөр чегерилген. Номинал канчалык чоң болсо, дандын сүрөтү да ошончолук чоң тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 797
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу