Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

«Ош» базардагы көпүрөдөн адамды түртүп жиберип өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Turmush -  «Ош» базардагы көпүрөдөн адамды түртүп жиберип өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда Ала-Арча суусунан адамдын жансыз денеси табылган. Табылган адам 30-35 жаштар чамасында, азиат түспөлүндө экендиги белгилүү болду. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иш козголду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аны көпүрөдөн түртүп жиберүүгө шектелген 1980-жылы туулган Ж.Ж. кармалды.

«Кармалган адам мас абалында аны менен уруша кетип, мушташ учурунда көпүрөдөн Ала-Арча суусуна түртүп жиберген», - деп айтылат маалыматта.

Каза болгон адамдын ысымы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 918
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×