Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баткен

Кадамжайдагы жол кырсык: Жубайлар 1 жана 15 жаштагы уулдары менен каза болду, бир уулу оор абалда

Turmush -  Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы Күлдү айылында жол кырсыктан 4 адам каза болуп, 1 адам оор абалда ооруканага түштү.

Милиция кызматкерлери Turmush басылмасынын кабарчысына билдирген маалыматка ылайык, кечээ, 9-сентябрда саат 19:00 чамасында «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус менен «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адамдын төртөө оор жаратынан улам кырсык болгон жерде көз жумган. Оор абалдагы жабырлануучуга Кадамжай аймактык ооруканасында жардам көрсөтүлүп жатат.

«Мерседес Бенц» унаасынан 4 адам ооруканага кайрылып, биринчи жардам алып кетишкен. Алар Оштогу Ноокат шаары менен Баткендеги Кызыл-Кыя шаарынын тургундары экени айтылууда. Кичи автобус жүргүнчүлөрдү Айдаркен шаарындагы базардан алып келе жаткан. Каза болгон жарандар Орозбеков айыл аймагынын тургундары — бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.

Каза болгон жарандар:

- 1973-жылы тулган Э.Н. (үйдүн кожоюну);

- 1974-жылы тулган Д.Н. (жубайы);

- 2002-жылы туулган Н.У. (жубайлардын уулу);

- 2016-жылы туулган М.У. (жубайлардын кичүү уулу). 

Ооруканада дарыланып жаткан жабырлануучу — бул үй-бүлөнүн 2004-жылы туулган уулу К.У.

Учурда бул кырсыкка себепкер болгондор кармалып, тергөө иштери жүрүгүзүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15569
Көп окулду
×