Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

20 жаштагы Б.Назарова эл аралык Miss Earth сынагында Кыргызстандын атын алып чыгат (фото)

Turmush -  Кыргызстандык 20 жаштагы модель Бегимай Назарова эл аралык Miss Earth сулуулар сынагына катышат. Бул тууралуу аталган сынактын расмий сайтына жарыяланды. Сынак Филиппинде 14-октябрда башталып, 4-ноябрга чейин улантылат.

Учурда Бегимай Назарова Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиянын магистранты, хореография жана ыктыярчылык менен алектенип, визажист болуп эмгектенет. Ал буга чейин Түркияда өткөн сулуулар сынагына катышып, «Достуктун сулуусу» наамын жеңип алган болчу.

Miss Earth сынагына 2016-жылы Кыргызстан биринчи жолу катышып, биринчи вице-мисс Бегимай Алмасбекова барып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1501
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×