Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фоторепортаж - В.Шевченко менен А.Нунестин беттеш алдындагы сүрөткө түшүү аземи

Turmush -  Канаданын Альберта провинциясынын борбору Эдмонтондо 6-сентябрда UFC 215 турниринде беттеше турган кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко менен учурдагы чемпион — бразилиялык Аманда Нунестин катышуусунда сүрөткө түшүү аземи өттү.

Беттеш 10-сентябрда өтүп, мушкер айымдар жеңил салмактагылар арасындагы чемпиондук кур үчүн күч сынашат.

Валентина Шевченко эрежесиз эр таймашта 16 жолу күч сынашып, 14 жолу жеңишке жетишип, 2 жолу утулган.

2017-жылдын 9-июлунда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 213 турниринде эң маанилүү деп күтүлүп жаткан бразилиялык А.Нунес менен В.Шевченконун беттеши өтпөй калган. Ага учурдагы чемпион А.Нунес беттешке бир нече саат калганда ооруканага түшүп калганы себеп болгон эле.

Буга байланыштуу өткөн маалымат жыйында UFC башчысы Дана Уайт: «Валентина Шевченкого болбой калган беттеш үчүн гонорардын 70%ы — 70 миң доллар берилет. Ал эми, Аманда Нунес эч кандай компенсация албайт», - деди.
Беттешке байланыштуу эки тарап тең өздөрүнүн пикирлерин жарыялаган.

В.Шевченконун билдирүүсүндө: «Нунес тезирээк салмак түшүрүп, кайра салмак кошууну каалаган. Бирок анын кесепетинен ооруканага түшүп калды. Жыйынтыгында медициналык комиссия Нунеске беттешке чыгууга уруксат берди. Бирок ал андан баш тартып койду. Бүгүн чемпиондук титул үчүн беттешпей калганым өкүнүчтүү. Өзгөчө дайыма мени колдоп, ушул беттешти күтүп, жада калса мен үчүн Лас-Вегаска келген күйөрмандарымдын алдында өкүнүчтүү. Бул окуяга өтө таң калып жатам. Бирок даярдык көрүүнү токтотпостон UFC турнириндеги беттештин жаңы белгилене турган күнүн күтөм», - деп жазылган.
Ал эми, бразилиялык спортчу Аманда Нунес бул абалды ден соолугу менен байланыштырды. «Бардыгы менин түшүндүрмөмдү уккусу келет. Менин өнөкөт синуситим бар. Мурда аны дарылап жеңип турчумун. Бул жолу андай болбой калды. Салмак түшүрүү учурунда дем ала албай, мурун көңдөйүмдөгү көйгөйдү сезип калдым. Мен өзүмдү жакшы сезбей, беттешке чыкпоону чечтим. Мен таразага түшкөндөн кийин ооруканага жаткырылдым. Дарыгерлер мени текшерип, беттешке чыгууга уруксат беришти. Кийинки күнү мен ооруканага кайра бардым. Мени компьютердик томографияга тартышып, мурун көңдөйүндө өсүп кеткен кемирчекти табышты. Мага антибиотиктерди жазып беришти. Мен мурда эч качан беттештен четтетилген эмесмин. Өзүмдүн күйөрмандарымдын алдында кечирим сурайм. Беттеш кайрадан дайындалат. Мен ушул беттешти, ушул каршылашты дагы эле каалайм», - деп жазды Нунес Twitter баракчасына.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1029
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 13 адам окуп жатат)
×