Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.46    82.06    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Талас

Бакай-Атада 5 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалды

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районунда 5 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган деген айып менен 30 жаштагы шектүү кармалды. Райондун прокурору Замирбек Жумабековдун айтымында, шектүү менен 5 жаштагы кыз бир айылдын тургундары.

Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү тургун 29-августта кызына карата 30 жаштагы айылдашы сексуалдык аракеттерди жасаганы тууралуу билдирген. Бул факты боюнча ошол эле күнү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси менен кылмыш иш козголуп, шектүү камакка алынган.

Соттун чечими менен шектүү 2 айга убактылуу камалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1193
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу