Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Улуттук банктын жетекчилигине Кубанычбек Кулматов сунушталды

Turmush -  Кыргыз улуттук банкынын жетекчиси кызматына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу булактарга шилтеме берүү менен Tazabek басылмасы жарыялады. Ал учурда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси.

Эми К.Кулматовдун талапкерлигин президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеш карайт.

К.Кулматов Бишкек шаарында 1963-жылы төрөлгөн. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматында эмгектенип, Чүй облусунун жетекчиси, президенттин кеңешчиси жана Бишкек шаарынын мэри болгон.

Улуттук банктын мурунку жетекчиси Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1991
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 12 адам окуп жатат)
×