Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

«Өзгөчө тойлор»: Ислам менен Нигара өзбек каада-салты менен 3 күн үйлөнүү той өткөрүштү (фото)

Turmush -  Кыргызстанда төрөлүп, кыргыз эли менен өскөн өзбек улутунун өкүлдөрү Нигара менен Исламдын үлпөт тою өзгөчө өтүп, аны 3 күн бою белгилешкен. Нигара Кыргызстандагы жаштардын №1 Limon.KG басылмасына той тууралуу айтып берди.

Нигаранын айтымында, өзү Бишкекте, ал эми жолдошу Ошто төрөлгөн.

8be2a4d28f1e78d32d6624cd61d4a79a

«Жолдошум экөөбүздүн тең улутубуз өзбек. Бирок менде уйгур улутунун да каны бар. Биз 2,5 жылдан бери чогуу түтүн булатып жатабыз. Жолдошум экөөбүз №6 мектеп-гимназияда чогуу окугандыктан бири-бирибизди кичинекейибизден тааныйбыз. Ислам менден бир класс жогору окучу. Алгач биз жөн гана тааныштардан болчубуз. Эгер мектепте жолугушуп калсак, саламдашып өтүп кетчүбүз. Бир жолу экөөбүз чогуу бир иш-чарага барып калдык. Иш-чара аяктап калганда инимди көтөрүп, эшикке чыгып бара жатсам, Ислам да ошол жерде экен. Аны менен капыстан түртүшүп калып, адаттагыдай эле саламдашып өтүп кеттик. Мен ал мезгилде бул жолугушууга маани деле берген эмесмин. Ал эми Ислам дал ошол учурдан баштап мен жөнүндө тааныштарыбыздан сурап баштаптыр. Андан бир топ убакыт өткөндөн кийин ал мага кат жазып, сүйлөшүп баштадык. Ошол күндөн баштап ар дайым биргебиз.

97574f6a307585b51133b6462e110643

Кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүбүзгө 9 ай болгондо ал мага үйлөнүү тууралуу сунуш киргизди. Ал күнү менин туулган күнүм болуп, 21 жашка чыгып жаткам. Ислам мени ресторанга чакырып, киндер таттуусун берди. Эч нерсе оюмда жок эле ачсам, ичинде нике шакеги бар экен. Бул мен үчүн абдан жагымдуу белек болду. Ал менден «мага турмушка чыгасыңбы?» деп сураганда дароо «ооба» деп жооп бергем. Туулган күнүмдөгү эң жагымдуу учур менин эсимде түбөлүккө калат», - деди ал.

Анын айтымында, өзбек салты боюнча кызга куда түшкөндө күйөө бала келбеши керек.

«Бизде салт боюнча үйлөнүү тойго кудалашкандан кийин гана даярданып баштайбыз. Иш-чара биздин үйдө өтүп, ага чоң атам, чоң апам, ата-энем жана жакын туугандарыбыз катышты. Салт боюнча кызга куда түшүп келгенде күйөө бала келбеши керек. Ошондуктан биздин үйгө Исламдын жакындары гана келди. Алар кургатылгын жемиш, нан, таттууларды, ар кандай тамак-аштарды, ошондой эле жоолук алып келишти. Эгер кыз куда түшүп келген ата-эненин баласына турмушка чыгууга макул болсо, анын жакындары табактардын жарымын бошотуп, өздөрүнүн тамак-аштары менен толтуруп, баланын жакындарына беришет. Аталган жөрөлгөлөр аткарылгандан кийин мени чакырышып, Исламдын жакындарына тааныштырышты. Анын апасы мага сөйкө салды. Бул жөрөлгө ошол мезгилден баштап мен анын келечектеги колуктусу болгонумду түшүндүрөт. Куда түшүү үйлөнүү тойго үч ай калганда болду. Андан кийин үлпөт тойго даярдана баштадык.

ceb4c107d2b1b7193f94da6a84181908

Өзбектерде үйлөнүү той бир нече күнгө созулат. Биринчи күнү кыздын жакындары баланын туугандарын коноктошот. Алар келинге кийим-кече алып келип, андан кийин аны жаңы үйгө алып кетишет. Келинге кийим-кече жана башка буюмдарын баланын жакындары мүмкүнчүлүгүнө жараша берет. Бирок анда кызга керектүү бардык нерсе болушу керек. Сулуулук каражаттары, кийимдин бардык түрү, бут кийим жана башкалар. Ал эми кызга берилген кийим-кечелер атайын бөлмөгө коюлуп, аны жакындары көрүп, кызга калоо-тилектерин айтышат.

Үлпөт тойдун экинчи күнү эркектер үчүн палоо берилет. Коноктор абдан көп болгондуктан бул иш-чараны тамактануучу жайлардын биринде өткөрдүк. Ага 250-300 эркек адам чакырылды. Буга келин жана күйөө бала катышпайт. Коноктор үчүн сөзсүз дасторкон даярдалып, палоо берилип, аягында бата айтылат. Ушул күндөр өткөндөн кийин гана үйлөнүү тойдун кезеги келет. Ошентип, биз 2015-жылдын 19-апрелинде баш коштук», - деди Нигара.

c2090134447946d5d634965cea99f8c1

Ислам колуктусу Нигараны алып кетүү үчүн бир катар сыноолордон өткөн.

«Ислам мени алып кетүү үчүн достору менен келген. Аларды дарбазанын алдынан ага-ини жана эже-сиңдилерим тосуп алышты. Ал эми, мен отурган бөлмөнүн кире беришинде турган курбуларым ага мен жөнүндө суроолорду берип, бир катар сыноолордон өткөрүп, жооп бере албай калса акча алышкан. Ислам бөлмөгө кирип, мага гүл белек кылгандан кийин никебиз кыйылды. Бул аземде кыз жоолук салынып, бала өзбектердин улуттук кийими чапан жана баш кийим кийет. Никени кыюу үчүн молдо жана улуу адамдардын бири чакырылат. Молдо үйлөнүп жаткандардын макулдугун алгандан кийин нике кыйылат. Ошентип, жакындарым мени үйүмдөн керней-сурнайларды тартуу менен узатышты. Андан кийин досторубуз менен Бишкектеги ресторандардын бирине жаштар үчүн даярдалган фуршетке барып, унутулгус көз ирмемдерди өткөрдүк.

2d603dd09f6c980d4907b85bddd60366

Үлпөт той өткөн ресторанга өзбек улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда кирдик. Ал жерден биз нике күбөлүгүн алдык. Ошентип той ыр-бий, куттуктоо сөздөр менен аяктады. Кечинде мени эжелерим жолдошумдун үйүнө жеткирип барышты.

9152e25262e0368860173ddcca3c8f08

Үйлөнүү тойдон кийинки күнү жолдошумдун туугандары менен тааныштырышты. Бул күнү келин 3 жолу кийимин алмаштырса болот. Мен 3 көйнөк кийдим. Азыркыга чейин ал күндөрдү толкундануу менен эстейм. Кеченин ортосунда жолдошум чакырылып, ага улуттук кийимдер, ошондой эле менин апам салт боюнча сырткы кийимди кийгизди. Андан кийин мага Исламдын жакындары жана апасы алтын жана башка белектерди беришти. Күйөө баланын апасы келини тың болушу үчүн сөзсүз аны 3 жолу көтөрүшү керек. Менин көйнөгүм оор болчу, ал эми кайненем арык болгондуктан ал кыйналат деп аябай кабатыр болдум. Бирок ал мени оңой эле көтөргөн. Бул күндүн дагы бир өзгөчөлүгү конокторго сөзсүз чучвара тамагы берилгенинде.

ccac86bbf223e37136b6c1c133fe7ea5

394d8bf85e15fc726c2631ef66c1fe7e

Турмуш кургандай кийин жашоо албетте өзгөрөт. Бирок ага тез эле көнүп кетесиң. Анткени, апаларыбыз көп жылдар бою бизди турмуш жолуна даярдашат. Алгачкы 40 күн келин эртең менен туруп, үйдөгүлөргө жүгүнүп турушу керек. Келин ар дайым жоолук салынып, короо шыпырып, тамак жасап турууга милдеттүү. Үйлөнүү той бүткөндөн кийинки алгачкы жума күнү менин үй-бүлөм жолдошум экөөбүздү конокко чакырышкан.

88a6718356a2e4491897a33ae3162eac

36b18d5b3855536fc6296679dde8b846

db043e53e47058699cf54a3c38b29ae4

ceb4c107d2b1b7193f94da6a84181908

Жаңы үй-бүлөдө жашоо мага кыйынчылык жараткан жок. Биринчи күндөн баштап кайын атам менен кайын эненеме ата, апа деп кайрылам. Жолдошумдун агасы, эжеси жана карындашы бар. Алар менен бирге ынтымакта жашап келе жатабыз. Ислам экөөбүздүн кызыбыз Амира 1,5 жашта. Биз аны абдан жакшы көрөбүз жана менин ушундай үй-бүлөм бар экенине бактылуумун», - деди ал.

facb6e1cb34a8079d427a6fa2c38b91e

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7268
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×