Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Райондук сот С.Жапаровдун бир тууганын актап, калган тарапташтарына өкүм чыгарды

Turmush -  Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кечээ, 5-сентябрда экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын иши боюнча сот отуруму болду. Отурумга төрагалык кылган Марат Сыдыков аягында айыпталуучуларга карата чыгарылган өкүм менен тааныштырды. 

СЖ

- Сабыр Жапаров (С.Жапаровдун иниси) — акталып, зот залынан бошотулду;

- Улан Юсупов — 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды;

- Жаңыбай Жеңишбеков — 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды;

- Абдыманап Бегишев — 4 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылды;

- Эрланбек Тагаев — 4 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылды;

- Чыңгызхан Кожогелдиев — мурдагы 4 жыл жаза өтөө мөөнөтү менен 8 жылга эркинен ажыратылды;

- Байгазы Казиев — 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды;

- Калыбек Жапаров — 4 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылды;

- Адылбек Исаев — 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды;

- Рустам Жапаров (С.Жапаровдун уулу) — 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды;

- Айдынбек Шамшидин уулу — 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды;

- Анарбек Бейшебеков — 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды;

2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Кыргызстанга келип, УКМКнын кызматкерлери тарабынан камакка алынган. Аны колдоо үчүн митингге чыккан тарапташтары да кармалган эле. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин камакка алынып, 12 кишиге административдик айып пул салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Сот 12 кишини камакта калтыруу чечимин чыгарып, тергөө иштери 5 айга чейин улантылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1125
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 12 адам окуп жатат)
×