Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-ноябрь
69.73    82.29    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фото, видео - Өзбек президентинин көпчүлүктү суктандырган жубайы

Turmush -  Бүгүн, 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев баштаган делегация Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди. Өзбек лидерин жубайы Зироатхон Хошимова коштоп жүрөт.

Раиса Атамбаева менен Зироатхон Хошимова

Сүрөт: Р.Гайнанов

Буга чейин май айында Ш.Мирзиёев Казакстан, Россия, Беларусь Республикасы, Түркия жана башка өлкөлөрдүн лидерлеринин катарында Кытайга иш сапары менен барган. Аны коштогон жубайынын сулуулугуна дүйнөдөгү чоң жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө көңүл бурган болчу.

Ал эми, президенттин жубайы өзү жана үй-бүлөсү тууралуу көп маалымат таратпайт.

«Дүйнөдөгү өзбектер» басылмасы Хошимова Зироатхон (Ойхон) Махмудовна тууралуу жарыялаган маалымат боюнча, ал Фергана облусундагы Кокон шаарында төрөлгөн. Жогорку билимди айыл чарба институтунда алып, ошол жактан жолдошу менен таанышкан. Ал учурда Шавкат Мирзиёев институттагы комсомол комитетинин катчысы болчу.

Окуу жайда аларды өтө жарашыктуу түгөйлөр деп аташчу. Бирок алардын үй-бүлө курушуна Ойхондын ата-энеси, чоң апасы менен чоң атасы каршы болушкан.

Ата-энеси

Атасы Махмуджон кадыр-барктуу ата жана үлгүлүү кожоюн болсо, апасы Раънохон катуу талап коюп, балдарын ислам баалуулуктары менен тарбиялашкан.

Ал учурда атасы Кокондогу Борборазиялык темир жол жабдуу бөлүмүн жетектеп турган. Бул бөлүм өзүнүн базасы жана кампаларына ээ болуу менен өндүрүштөгү таңсыктык болгон товарларды алып турган. Ошондой эле, өзүнүн жеке менчик вагон-рефрижераторлору аркылуу жеке бизнесин өнүктүргөн.

Ойхон Махмудовнаны коммуникабелдүү деп мүнөздөшөт. Ошондой эле, илимге, билим берүү тармагына, адабиятка жана искусствого кызыгат.

1

Сүрөттө: оңдон солго Мирзиёевдин кыздары апасынын аталаш эжеси Диора Усманова менен

Шавкат Мирзиёев менен Зироатхон Хошимова 3 баланын ата-энеси. Кыздары —Шахноза (Мирзиёева-Шаханова) жана Саида, уулу — Даврон.

2

Өзбекстандын президенти үй-бүлөсү менен 2016-жылдын 4-декабрында президенттик шайлоодо добуш берүү учурунда тартылган сүрөт. 

Солдон оңго: Шавкат Мирзиёевдин жубайы — Зироатхон Хошимова, Шавкат Мирзиёев уулу Давран менен, улуу кызы Саида Мирзиёева жолдошу менен, кичүү кызы Шахноза Мирзиёева-Хашимова жолдошу менен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 26127
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Nurs-kitaec
01:49, 06 сентября 2017
Очень скромная женщина
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×