Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-сентябрь
68.5    82.24    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Видео, фоторепортаж - Өзбек президенти Ш.Мирзиёев менен кошо кимдер келди? (делегациянын курамы)

Turmush -  Бүгүн, 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёевди эл аралык «Манас» аэропортунан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев салтанаттуу тосуп алды. Өзбек лидерин жубайы Зироатхон Хошимова коштоп келди.

Ошондой эле, өзбекстандык делегацияны тосуп алууга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева, Президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Садыков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаков, жолдор жана транспорт министри Жамшитбек Калилов, Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев, президенттин кеңешчиси Мухамметкалый Абулгазиев катышты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-6-сентябрь күндөрү расмий иш сапары менен Кыргызстанда болот. Эки өлкөнүн лидерлери бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү күтүлүүдө.

Өзбекстандык делегациянын курамы:

1. Президенттин мамлекеттик кеңешчиси СУЛТАНОВ Хайриддин Мадриддинович;

2. Улуу Мажлис (Өзбекстандын парламенти) сенатынын төрагасынын биринчи орун басары САФОЕВ Содик Солихович;

3. Премьер-министрдин орун басары РАМАТОВ Ачилбай Жуманиязович;

4. Тышкы иштер министри КАМИЛОВ Абдулазиз Хафизович;

5. Тышкы соода министри ГАНИЕВ Эльёр Маджидович;

6. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси РАШИДОВ Комил Каюмович;

7. Президенттик аппараттын иш башкармалыгынын башчысы ХАЙДАРОВ Зилемхан Хайдарович;

8. Президенттик аппараттын аткаруу секторунун башчысы ПАЙГАМОВ Алишер Азизович;

9. Президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу МУМИНОВ Абдурахим Абдурасулович;

10. Президентке караштуу стратегиялык жана аймактар аралык изилдөө институтунун директору НОРОВ Владимир Имамович;

11. Ташкент шаарынын жетекчиси УСМАНОВ Рахмонбек Жахангирович;

12. Андижан облусунун жетекчиси Абдурахманов Шухратбек Кушакбаевич;

13. Наманган облусунун жетекчиси Бозаров Хайрулло Хайитбоевич;

14. Фергана облусунун жетекчиси ГАНИЕВ Шухрат Мадаминович;

15. Улуттук авиакомпаниянын башкы директору РОЗУКУЛОВ Улугбек Убайдуллаевич;

16. Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси НЕЪМАТОВ Ильхом Туйчиевич;

17. Соода-өндүрүш палатасынын төрагасы ИКРАМОВ Адхам Ильхамович;

18. Өзбекстандын жер ресурстары геодезия, картография жана кадастр боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары АБДУЛЛАЕВ Тулкин Мансурович;

19. Улуттук коопсуздук кызматынын чек ара аскеринин командачысынын биринчи орун басары УСМАНБЕКОВ Носирбек Исмоилович;

20. Андижан шаарынын башчысы РАХМАТУЛЛАЕВ Дилмурод Рохатуллаевич.

Ошондой эле, делегациянын курамында мамлекеттик органдардын кызматкерлери, коопсуздук кызматкерлери, дарыгерлер жана ашпозчулар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7240
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу