Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Баракелде

Гарварддын бүтүрүүчүсү Талант Султанов премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Turmush -  Султанов Талант Исакович  премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Талант Султанов 1978-жылы туулган. 2016-жылы Гарвард университетин бүтүргөн. 1999-жылы Сан-Франциско университетинде бакалавр даражасын алса, 2006-жылы Колумбия университетинин каржы боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Талант Султанов «Таза коом» долбоору менен иштеген топтун координатору болуп саналат. Буга чейин Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору жана Борбор Азиядагы Америка университетинин каржы маселеси боюнча вице-президенти болгон. Ошондой эле, ал Вашингтондогу Бүткүл дүйнөлүк банктын штаб-квартирасында жана Алматадагы борбор азиялык кеңсесинде иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1014
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу