Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Ө.Текебаевдин иши: Бир туугандары жана депутаттар. Сотко дагы кимдер келди? (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жана мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү башталды.

Соттун имаратына айыпталуучулардын бир туугандары, Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов, Канат Исаев, экс-депутат Асия Сасыкбаева, БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева жана башкалар келишти.

Депутатка КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен айып тагылган.

2017-жылы 25-февралда Башкы прокуратура «Альфа Телеком» компаниясынын башкармалыгынын курамына кирүү үчүн депутатка 1 млн доллар бергенин айткан россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

Буга чейин маалымдалгандай, Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу ЖК депутаты Ө.Текебаев менен мурунку элчи Д.Чотоновго карата 16-август күнү өкүм чыгарган. Райондук сот Ө.Текебаев менен Д.Чотоновго 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта эмгектенүүгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыраткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3017
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×