Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баракелде

Шашылыш эскертүү: Жакынкы 2 саатта Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Turmush -  Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында жакынкы 2 саатта катуу шамал болушу мүмкүн. Мындай эскертүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Буга чейин катуу шамалдын кесепетинен бак-дарактар кулап, имараттардын чатырлары учкан кооптуу учурлар болгон. Буга байланыштуу Бишкектеги жашоочулар менен меймандарды, айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү сак болууга чакырабыз.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5198
Көп окулду
×